Улуттук банк мамлекеттик «Кылым Банк» ААКсын уюштурууга уруксат берди
КРнын Улуттук банкы 2025-жылдын 10-сентябрындагы чечими менен «Кылым Банк» ачык акционердик коомун уюштурууга уруксат берди.
05:09, 12.09.2025КРнын Улуттук банкы 2025-жылдын 10-сентябрындагы чечими менен «Кылым Банк» ачык акционердик коомун уюштурууга уруксат берди.
05:09, 12.09.2025Кыргызстанда «вакаля бил-истисмар» келишиминин кабыл алынышы ислам банкингин өнүктүрүүгө багытталган дүйнөлүк тенденцияларга шайкеш келет. Бул инвестицияны көбүрөөк тартууга жана жарандарды шарияттын принциптерине туура келген жаңы каржылык инструменттер менен камсыз кылат.
04:07, 08.09.20252025-жылдын 3-сентябрына карата өлкөнүн жалпы эл аралык резервдери жаңы бийиктикке жетип, 7 021,21 млн АКШ долларын түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын башынан тартып 1 933,1 млн АКШ долларына же 38,0%га өстү.
11:04, 05.09.2025Валюталык интервенция бул – Улуттук банктын өзгөрүлмө режим учурунда сомдун курсун туруктуу кармап туруу үчүн негизги инструмент болуп саналат. Бул практика өткөн жылдардагы активдүү интервенция саясатынын уландысы болуп саналат.
04:02, 05.09.2025Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 13-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жеткен нак АКШ долларларын алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө» токтомуна токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.
05:39, 01.09.2025Кыргызстанда үч жыл ичинде улуттук стандарттуу QR-коддордун саны бир нече эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук банктын санариптик жана каржылык технологияларды өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Айгүл Бакесариева билдирди.
10:05, 29.08.2025Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышында жана өнүгүшүндө көрүнүктүү инсандардын эмгегин жана ролун таануу максатында 1-сентябрдан тарта «Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар» күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгарылат.
08:59, 29.08.2025КРнын Улуттук банк Башкармасы 25-августтда эсептик ченди (негизги чен) 9,25 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим 26-августтан тарта күчүнө кирет.
05:17, 27.08.2025Кыргызстандагы банктар валюталарды алмаштыруунун кеңири тандоосун сунуштайт: долларлардан тарта евро, юань, БАЭ дирхамы жана түрк лирасына чейин.
06:01, 26.08.2025Биринчи жарым жылдыкта Кыргызстандын финансы секторунда 554 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 21 коммерциялык банк, 514 банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар жана 18 камсыздандыруу компаниясы иштеген.
04:32, 26.08.2025Кыргызстандын каржылык системасынын туруктуулугун камсыздоодо негизги элемент болуп эсептелген Улуттук банктын көзөмөл функциялары, тышкы көзөмөл жана инспектордук текшерүүлөр тууралуу Улуттук банктын Банктык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Капаркул уулу Улан айтып берди.
10:17, 20.08.2025Улуттук банк КРнын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы «Кыргыз Республикасында Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт.
10:06, 18.08.20252025-жылдын биринчи кварталында төлөм уюмдары 227 миллиард 257,93 миллион сомдук дээрлик 105 миллион транзакцияларды жүргүзүшкөн.
03:54, 15.08.2025Кыргызстандын Улуттук банкы үч жаңы каржы институтун түзүүгө уруксат берди: «Алма Финанс Банк» ЖАК, «Мурас Банк» ЖАК жана «Асман Банк» ЖАК.
12:02, 14.08.20252025-жылдын май айында өлкөгө 299,2 миллион доллар акча каражаты кирип, 36,2 миллион доллар агылып чыккан, ал эми июнь айында каражаттардын кирүүсү да, чыгуусу да азайган. Адаттагыдай эле каражаттардын агымынын көбү Орусиядан келет.
04:38, 14.08.2025Кыргызстандын банк секторунун кредит портфелинин көлөмү 2025-жылдын 30-июнуна карата жыл башынан бери 22,4%га өсүү менен 416,9 млрд сомго жетти.
12:12, 05.08.2025КРнын Улуттук банкы тарабынан сунушталган жөнгө салуунун максаты болуп, накталай эмес төлөмдөр чөйрөсүндөгү инновациялык продукттарды киргизүүгө тоскоолдук кылган ченемдик тоскоолдуктарды жоюу саналат, атап айтканда – электрондук капчыктарга функционалдык жактан байланган банктык карталарды чыгаруу.
09:13, 05.08.2025Демилгенин негизги максаты – Кыргызстандын финансы рыногунун катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүнүн бирдиктүү стандарттарын киргизүү, санариптик сервистердин ачыктыгын, ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле финансы рыногунда инновацияларды жана атаандаштык чөйрөнү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.
05:25, 05.08.2025КРнын Улуттук банкынын токтому экспортерлорду жана импортерлорду кредиттөөнү стимулдаштыруу жана экономикалык өсүштү колдоо максатында, сооданы каржылоонун тобокелдиги төмөн операцияларды жүргүзүү үчүн коммерциялык банктардын капиталын жөнгө салуу жүгүн азайтуу максатында кабыл алынган.
08:12, 04.08.2025Улуттук банк коммерциялык банктар менен алмашуу бюролорунун ортосундагы валюталык операцияларды жөнгө салуучу жобону убактылуу токтотту.
03:21, 31.07.2025КРнын Улуттук банк Башкармасы эсептик ченди (негизги чен) 25 базистик пунктка — 9,25 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Аталган банктын басма сөз кызматы билдиргендей, чечим бүгүн, 29-июлдан тарта күчүнө кирет.
06:44, 29.07.20252025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын дүң эл аралык резервинин көлөмү 6 миллиард 508,4 миллион АКШ долларын түздү.
04:35, 24.07.2025КРнын Улуттук банкынын 2025-жылдын 14-июлундагы «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жете элек нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө» токтому менен 2025-жылдын 1-октябрына чейин эскилиги жете элек нак АКШ долларын сыртка алып чыгууга уруксат берилди.
08:07, 18.07.2025Коммерциялык банктар, төлөм уюмдары, банктык жана төлөм кызматтарын көрсөтүүчү башка юридикалык жактар белгиленген мөөнөттө мобилдик тиркемелерди, банкоматтарды жана төлөм терминалдарын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ылайыкташтырууга милдеттүү.
07:25, 17.07.2025Улуттук банк Кыргызстанда колдонулуп жаткан валюталык режим, өзгөрүлмө алмашуу курсунун артыкчылыктары жана чет элдик валютанын курсун аныктоо боюнча маалымат берди.
04:39, 17.07.2025КРнын Улуттук банкынын өкүлү Дана Сайфуллина «Золотой червонец» журналынын вебинарына катышып, эстелик тыйындардын ийгилигине дизайн кандай таасир тийгизерин айтып берди. Ага «Гознак» ААКнын, Казакстандын, Беларустун жана Армениянын улуттук банктарынын кызматкерлери жана тыйын рыногунун эксперттери катышты.
10:29, 14.07.2025Өлкөдө ишкер аялдарды каржылоо Кодекси ишке кирди. Бул аялдардын ишкердигин өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, аларга финансылык колдоо гана эмес, бизнести ийгиликтүү башкаруу үчүн керектүү билим жана инструменттер менен камсыз кылат.
04:01, 10.07.2025Негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн келген – 284 млн АКШ доллары. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга 15,2 миллион доллар жөнөтүлгөн. Ошону менен катар эле өлкөдөн акча которуулардын агылып чыгышы 36,2 миллион долларды түздү.
07:01, 09.07.20254-июлда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ишкер аялдарды каржылоо кодексин расмий ишке киргизүү аземин өткөрдү. Ага КРнын Улуттук банкынын, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Кепилдик фондунун, мамлекеттик органдардын, коммерциялык банктардын, финансы-кредиттик мекемелердин, кредиттик бюролордун өкүлдөрү катышты.
04:29, 07.07.2025Финансы рыногунун адилеттүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатуу максатында Улуттук банк кепилдик фонддордун жаңыланган эрежелерин бекитти. Алардын арасында фонддордун ишинин негизги аспектилери анын ичинде «кепилдик ишмердүүлүгү», «кардар», «ФКУ», түшүнүктөрүн тактоо, ошондой эле КРнын Улуттук банкынын чечимдерине сотко чейинки милдеттүү даттанууну киргизүү кирет.
08:04, 03.07.2025